• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстан менен Россия билим берүү жаатындагы кызматташтыгын кеңейтет

Билим 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Пятигорск шаарында Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов башталгыч жана орто кесиптик билим берүү жана окутуу системасын өнүктүрүү боюнча Жол картасына кол койду.

КР Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, Жол карта Кыргызстанда россиялык билим берүү уюмдарынын филиалдарын ачуу, Россияда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү пландап жаткан КР жарандарын россиялык иш берүүчүлөрдүн квалификациялык талаптарына ылайык окууга жиберүү, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматташтыгы сыяктуу иш-чараларды камтыйт.

Белгилей кетсек, 27-марттан 30-мартка чейин КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жетектеген делегация Россиянын агартуу министрлигинин жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин Пятигорск шаарындагы “ПРОдиалог” семинар-кеңешмесине катышты.

Пикир

Оставить комментарий