• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстан менен Россия билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрөт

Билим 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Кечээ, 8-июнда Екатеринбург шаарында Кыргызстан менен Россиянын университеттеринин ректорлорунун II форуму өттү. Бул тууралуу КР Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, форум билим берүү жана илим тармагындагы кызматташууну, евразиялык интеграциянын алкагында кадрларды даярдоону жана ЕАЭБдин бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү талкуулоо максатында уюштурулган.

Форумга Кыргызстандын ЖОЖдорунун 30га жакын жана Россиянын университеттеринин 60тан ашык өкүлдөрү, эки өлкөнүн профилдик министрликтеринин жетекчилери катышты.

Кыргыз делегациясын билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана КР ЖОЖдорунун ректорлор ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев, ал эми Россия тарапты РФ илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Наталья Бочарова жана Россиянын ректорлор союзунун төрагасы Виктор Садовничий жетектеди.

II форумдун жыйынтыгында Кыргызстан жана Россия университеттеринин ассоциациясын жана студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү боюнча ЖОЖдор аралык долбоорлорду колдоого, жогорку билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү, квалификацияны жогорулатуу, кадрларды кайра даярдоо, жаштар форумдарын, жайкы жана кышкы мектептерди өткөрүүгө багытталган 40тан ашык документтерди түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий