• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Кыргызстан менен Россия товар жүгүртүүсүн $5 млрд жеткирүүнү көздөөдө – Амангелдиев

Экономика 0

Бишкек, 20.10.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Россия товар жүгүртүүсүн 5 млрд АКШ долларына жеткирүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Россияга болгон расмий сапарынын алкагында бир нече жолугушуулар өттү. Жол картасы кабыл алынып, товар жүгүртүүнү 5 млрд АКШ долларына жеткирүү жана процедураларды жеңилдетүү боюнча бир катар чараларды көрүү тапшырмалары коюлду.

"Мындан тышкары маданий-гуманитардык, инвестициялык чөйрө багыттарындагы байланыштарды чыңдоо боюнча бир катар чаралар кабыл алынды. Алардын айрымдары кооперациялык долбоорлорду түзүү, өнөр жай кооперациялардагы долбоорлор аркылуу товар жүгүртүүнү жогорулатууга багытталган ", - деди ал.

Экономика жана коммерция министри белгилегендей, тараптар бардык тармактарда кызматташтыкты арттырууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий