• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Россиянын бажы администрацияларынын жетекчилери жолукту

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын бажы администрацияларынын жетекчилери Самат Исабеков менен Руслан Давыдов эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын 44-отурумунун алкагында бүгүн Россиянын Казань шаарында өткөн.

Жолугушууда кесиптештер бажылык башкаруу, бажылык жана бажыдан кийинки контролдоо чөйрөсүндөгү ар кандай багыттар боюнча кызматташтыкты ыңгайлаштыруу, ошондой эле интеграциянын алкагында жана эки тараптуу деңгээлде өз ара аракеттенүүнү активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий