• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы темир жол байланышын жандантуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Москвада 26-апрелде Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат “Россия темир жолу” ААКнын башкы директорунун орун басары Вячеслав Павловский менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда темир жол транспорту менен үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташууну калыбына келтирүү жолугушуунун негизги темасы болду.

Элчи 2022-жылдын 14-апрелинде Москвада өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунун протоколунда Кыргыз-Россия тараптарынын компетенттүү органдарына “санитардык-эпидемиологиялык абалды эске алуу менен темир жол жана автотранспорттук жүргүнчүлөрдү ташууларды тез арада жандандырууну камсыздоо” белгиленгенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунун жыйынтыгында Казакстандын аймагы аркылуу ПЧР методу менен COVID-19га карата тесттин терс жыйынтыгы камтылган маалымдаманын негизинде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда темир жол менен үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташууда транзиттик өтүүнү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жетишилген келишимди белгилеп өттү. Ошондой эле Кыргызстандагы жаңы коронавирус инфекциясын жуктуруп алуу коэффициентинин төмөн экендиги да айтылды.

Тараптар эки мамлекеттин ортосунда темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуулардын кайра жанданышы эки тараптуу мамлекеттер аралык кызматташтыктын стратегиялык мүнөзүнө жооп берет жана ишкер байланыштарды активдештирүүгө, кыргыз-россия эки тараптуу соодасынын өсүшүнө өбөлгө болот деген шайкеш пикирге келишти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Россиянын ортосунда темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну тезинен баштоого “Россия темир жолу” ААКсынын оң позициясы жана кызыкчылыгы билдирилди.

Маалымат үчүн: 2020-жылдын 17-мартына чейин (пандемияга байланыштуу чек аралар жабылган) жүргүнчү поезддери Кыргызстан менен Россиянын ортосунда Бишкек-Москва багыттары боюнча жумасына эки жолу, Бишкек-Новосибирск сегиз күндө бир жолу, Бишкек-Казань жумасына бир жолу.

Пикир

Оставить комментарий