• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнү 5 млрд долларга жеткирүү максаты коюлган – Акылбек Жапаров

Экономика 0

Ысык-Көл, 12.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын товар жүгүртүүсүн 5 млрд долларга жеткирүү максаты коюлган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өтүп жаткан кыргыз-орус экономикалык форумунда билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстан тышкы кыйынчылыктарга карабастан олуттуу прогрессти көрсөтүүдө.

“Биздин ИДП 2023-жылы 1 триллион 229 миллиард сомго жетти, 2021-жылдан бери мамлекеттин кирешелери эки эсеге көбөйүп, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшыруусу уланууда. Бул өлкөбүздүн экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө жана модернизациялоого багытталган координацияланган ишинин натыйжасы. Мындай шарттарда бир нерсе өзгөрүүсүз калууда: Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз бойдон калууда жана болуп кала берет, аны менен бизди экономикалык кызыкчылыктар гана эмес, ошондой эле көп кылымдык маданий, тарыхый жана социалдык байланыштар да байланыштырып турат. Биздин өнүгүү багыттарыбыз Экономикалык кызматташтыктын 2022-2026-жылдарга өкмөттөр аралык программасында так көрсөтүлгөн. Азыр биздин байланыштарды бекемдөө гана эмес, кыйынчылыктарды биргелешип жеңүү жана жаңы горизонтторду ачуу үчүн ырааттуу жана чечкиндүү иш-аракет кылуу болуп көрбөгөндөй маанилүү”, – деди ал.

Акылбек Жапаров соода жүгүртүү Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын негизги тиреги экенин белгиледи. 2023-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 3 млрд доллардан ашкан. Эки мамлекеттин башчылары бул көрсөткүчтү 5 млрд долларга жеткирүү боюнча чоң максат коюшкан.

Минкаб төрагасы бул максаттарга жетүү үчүн электрондук сооданы өнүктүрүү, ишкерлердин чыгымдарын азайтуу, экспортчуларды колдоо үчүн жаңы финансылык инструменттерди киргизүү, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чек араларындагы айрым тоскоолдуктарды жоюу аркылуу өнөр жай кооперацияларын түзүү менен жаңы жумуш орундарын ачууга мүмкүн болот.

Мындан тышкары, Кыргызстандын демилгеси менен Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу Каспий деңизиндеги кеме каттамдары аркылуу байланыштыра турган жаңы мультимодалдык транспорттук каттам иштелип чыгууда, ал логистиканы өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү болот жана соода жүгүртүүнү тездетүүгө жардам берет.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында кыргыз-орус экономикалык форуму өтүүдө. Иш-чарага эки мамлекеттин миңге жакын делегаты катышууда. Форум 13-сентябрга чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий