Кыргызстан менен Россиянын парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымынын орун басары Николай Журавлев менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Азыгалиев узак жылдардан бери достукка жана өз ара ишенимге негизделген эки мамлекеттин мамилесин өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыкка ээ экенин белгилеп, бул жаатта өлкө жетекчилери тарабынан жасалып жаткан иштерге токтолду. Тагыраагы, мамлекет башчылары жана парламент төрагалары байма-бай жолугушуп, кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле парламенттер аралык өнөктөштүк тууралуу сөз кылган Нурланбек Азыгалиев “Парламенттик дипломатия эки тараптуу мамилелерге байланышкан актуалдуу маселелерди чечүүдө маанилүү роль ойнойт. Андыктан эки тараптуу алакаларды кеңейтүү менен катар КМШ ПАА, ЖККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчалардагы кызматташтыкты арттыруубуз кажет”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтыкка тиешелүү маселелер да көтөрүлүп, билим берүү жаатында биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жигердүү улантуу зарылчылыгы айтылды.

Айрыкча Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында түзүлгөн Миграция жана адам сатуунун алдын-алуу маселелери боюнча кеңештин төрагасы катары Нурланбек Азыгалиев Россияда эмгектенген кыргызстандыктарга тиешелүү көйгөйлөрдү да көтөрдү.

Өз кезегинде Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымынын орун басары Николай Журавлев эки өлкөнүн алакасы динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттик диалогдун алкагында талкуулана турган негизги маселелерге токтолду. Муну менен катар эки өлкө ортосундагы жетишилген келишимдерди ишке ашырууда парламенттик контролдун ролу чоң экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий