• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министр Кулубаев Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысын мамлекеттик майрамы – Россия күнү менен куттуктап, ошондой эле кыргыз-россиялык мамилелерин мындан ары өнүктүрүүсүн жана эл аралык уюмдарда өз ара аракеттенүүсүн талкуулады.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да прогрессивдүү өнүгүп, чыңдаларына ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий