• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кыргызстан менен Россиянын транспорт министрлери бир катар документтерге кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын транспорт министрлери бир катар документтерге кол коюшту.

Ведомстводон билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Россияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык автомобиль ташуулар боюнча макулдашууга өзгөртүүлөр киргизилди. Протоколго транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев менен Россиянын транспорт министри Роман Старовойт кол койду.

Аталган макулдашуу 2002-жылдан бери Кыргызстан менен Россияда катталган транспорт каражаттары менен эл аралык автомобиль ташуу маселелерин жөнгө салып келет.

Ошондой эле Сыргабаев менен Старовойт транспорт тармагында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн кызматташууну өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум эки өлкөнүн транспорт чөйрөсүндө кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

Тараптар кыргыз-орус билим берүү семинарларын, анын ичинде, видео-конференц-байланыш форматында артыкчылыктуу багыттар боюнча бири-бирине көмөк көрсөтүүгө ниеттенишерин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий