Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-августта КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Сауд Арабия Падышалыгынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тышкы саясий ведомстволордун башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулады жана гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты өзгөчө баса белгилешти. Коронавирустун жайылышынын кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча улуттук жана эл аралык деңгээлдерде көрүлүп жаткан кадамдар тууралуу сөз болду.
Министрлер ошондой эле көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүүнүн бир катар актуалдуу маселелерин жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүнүн келечектерин козгошту.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиясынын ортосундагы мамилелердин жана кызматташтыктын жогорку деңгээлин тастыкташты.
Пикир
Оставить комментарий