• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Сауд Аравияга болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн инвестиция министри Халид Аль-Фалих менен жолугуп, энергетика тармагында кызматташуу, инвестиция тартуу маселелерин талкуулады

КР Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Таалайбек Ибраев Сауд Аравиянын мунай кендерин иштетүү жана мунай продуктуларын өндүрүү, көмүр суутектерин ташуу жана кайра иштетүүнү жакшыртуу, заводдорду куруу жана модернизациялоо, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, күн жана шамал энергиясын жигердүү өнүктүрүү жагынан тажрыйбага мол экенин баса белгилеп өттү.

Ал Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравиясынын кызматташтыгы энергетика тармагынын туруктуу өнүгүүсүнө жана эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө салым кошо аларына ишенерин билдирди.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн энергетика тармагында кызматташуусун тереңдетүү максатында биргеликте долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Ошондой эле Саудиянын инвестициясынын катышуусу менен Кыргызстанда ГЭСтерди куруу жана модернизациялоо, Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоого Саудиянын инвестициясы, Кыргызстандын газ инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. ⁠

Сауд Аравиянын Инвестиция министрлиги Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш сапарына ылайыктап, бир катар аравиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштуруп берди.

КР энергетика министри мындай жолугушуу эки тараптуу кызматташууга, өлкөгө инвестиция тартууга чоң өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Ал Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү жогорку энергетикалык потенциалына, учурдагы келечектүү ири долбоорлоруна токтолуп, (Казарман дарыясындагы ГЭС каскады, Суусамыр-Көкөмерен дарыясындагы ГЭСтер каскады, Чаткал ГЭС, Сары-Жаз дарыясындагы ГЭСтер каскады, Жогорку-Нарын ГЭС каскады) алар ишке ашса энергетика тармагындагы көз карандыыкк жоюларын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий