• 85.8
  • 93.01
  • 0.89

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын соода-экономикалык мамилелерин тереңдетүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравия Падышалыгынын Жидда шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын директорлор кеңешинин биринчи орун басары Раид бин Ибрахим Аль-Мадейхим менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүү жана колдо болгон потенциалды натыйжалуу пайдалануу жолунда зарыл чараларды көрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча Элчиликтин акыркы иштеринин жыйынтыктары тууралуу кеңири айтып берди.

Тактап айтканда, жогору жана жогорку деңгээлдеги өз ара ийгиликтүү сапарлар өткөрүлгөндүгүн, ар кандай иш-чараларга мамлекеттик жана бизнес-делегациялардын катышып жаткандыгын, биринчи Кыргыз-сауд ишкер кеңешинин жыйыны ишке ашырылгандыгын, ошондой эле эки өлкө ортосунда үзгүлтүксүз түз каттамдары ишке киргизилгендигин жана башкаларды белгиледи.

Жолугушууда элчи Марипов Сауд Арабиясынын бизнес-делегациясынын Кыргызстанга боло турган сапарынын маселелерине өзгөчө көңүл бурду жана маектешин эки тараптуу кызматташуунун потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү жана эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү менен таанышуу максатында Сауд делегациясынын курамында Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Р.Аль-Мадейхим Кыргызстан менен Падышалыктын ортосундагы кызматташуунун өнүгүү динамикасын жогору баалап, Кыргызстан менен өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз байланыштарды сактоо жана эки өлкө ортосундагы соода байланыштарын бекемдөө боюнча өз ара аракеттенүүнү улантуу тууралуу макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий