• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Кыргызстан менен Сауд Аравиясы ар тармактуу кызматташтыгын арттырууда

Саясат 0

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын эгемендигин жана көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган өлкө - Сауд Аравиясы. Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Падышалыгынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлүп, эки мамлекеттин ортосунда биринчи жолу саясий-экономикалык жана маданий багыттагы бир нече келишимдерге кол коюлган. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын элчилиги 2008-жылы түзүлсө, үч жылдан кийин Бишкекте Сауд Аравиянын элчилиги расмий ачылып, эки өлкө ортосунда достук мамиле, ар тармактуу кызматташтыктын өнүгүү этабы башталган.

Акыркы жылдары Сауд Аравиясы менен саясий кызматташтык оң жолго коюлуп, бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү. Анын ичинде Сауд Аравиясына болгон президенттин, министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин төрагаларынын, бир катар министрлердин, мекеме жетекчилеринин иш сапарларын жана анда жетишилген келишим, макулдашууларды айтсак болот.

Кыргыз-сауд мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Сауд Араб Падышалыгынын тышкы иштер министри Улуу даражалуу ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауддун Кыргызстанга 2022-жылдын 20-21-мартында иш сапар менен келген. Бул сапардын алкагында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын ортосунда кеңири сүйлөшүүлөр болуп, эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланган.

Акыркы болуп өткөн эки тараптуу маанилүү жолугушууларга кайрылсак, үстүбүздөгү жылдын 7-мартындагы президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанга иш сапары менен келген Сауд Аравиясынын тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурейжини кабыл алгандыгын айтсак болот. Анда Садыр Жапаров Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргызстандагы социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруудагы колдоосун жогору баалап, Сауд өнүктүрүү фондунун “Менин үйүм” программасынын алкагында эки өлкөнүн ийгиликтүү кызматташтыгын жана Кыргызстанда мамлекеттик мектептерди куруу иштерин канааттануу менен белгиледи. Калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат жана бүгүнкү күндө да мамлекет башчынын көзөмөлүндө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да Сауд Аравиясынын тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурейжини менен жолугушуп, соода-экономикалык, инвестициялык, туризм, гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин, кыргыз-сауд саясий диалогунун учурдагы абалы жана өнүгүү келечегин талкуулап, көп тараптуу жана аймактык күн тартипти талкуулашты.

2024-жылдын апрель айында Эр-Рияд шаарына жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мохаммед Сулайман Аль-Жасирдин жолугушуусу өткөн. Мында Ислам өнүктүрүү банкы менен «Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо» долбоору боюнча 79 млн долларлык келишимге кол коюлган. Долбоорду ишке ашыруунун аркасында миңдеген муктаж үй-бүлөлөр ипотекалык насыялоо системасы аркылуу социалдык турак жайга ээ болушат. Белгиленгендей, бүгүнкү күндө банк тарабынан жалпы суммасы 500 млн доллардан ашык 27 долбоор ишке ашырылып, 200 млн доллардан ашык долбоорлор учурда ишке ашуу алдында турат.

Кыргыз-сауд мамилеси учурда бекем саясий-экономикалык, социалдык мааниге ээ. Элчилик эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө көңүл буруп, 32 жыл аралыгында Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы жетишилген дипломатиялык мамилелердин, келишимдердин жемишин көрүүдө. Бүгүнкү күндө ар кандай тармактар боюнча эки тараптуу мамилелерди чыңдоого багытталган биргелешкен Сауд-Кыргыз комитети, ишкерлер кеңеши иш алып барууда. Ошондой эле Сауд Аравиясы ГЭСтерди курууга жана башка ири долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар. Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери Сауд Аравия өкмөтү жол куруу, саламаттык сактоо, билим берүү тармактарына бир катар долбоорлорду Сауд өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча каржылап, колдоо көрсөтүп келет.

Калктын аялуу катмары болгон жалгыз бой энелерге, майыптарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берген Сауд Аравиясынын кайрымдуулук фонддору өлкө аймактарында ишмердүүлүк жүргүзүп келишет. Алардын бири Бишкек шаарында жайгашкан “WAMY” же “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмеси. Аталган коммерциялык эмес уюм жаштарга, жетим балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, калктын жакыр жашаган катмарына акысыз жардам көрсөтүүдө. Коомдук бирикме кайрымдуулук иштерин жүргүзүү үчүн көптөгөн каражаттарды өздөрүнө тартып, Кыргызстан эли үчүн пайдалуу социалдык долбоорлорду ишке ашыруу менен коомдун өнүгүшүнө, жакшы жашоого олуттуу салым кошууда. Ислам дүйнөсүндөгү Сауд Аравиясы сыяктуу көпчүлүк өлкөлөрдө кайрымдуулук иштерин жүргүзүү салттуу көрүнүш катары эсептелип, максаттуу жана ачык ишмердүүлүк жүргүзүү максатында түзүлгөн кайрымдуулук фонддор иш алып барышууда. Заманбап коомдо кайрымдуулук көрсөтүү терең урматталып, мактоого татыйт.

Ошентип эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер эгемендүүлүк жылдар менен коштоло ырааттуу өсүп, түрдүү тармактарда кызматташтык артууда. Мамилелердин чыңдалышына эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн өз ара иш сапарлары жана түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге, макулдашууларга жана өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюу, аймактык жана эл аралык уюмдарда өз ара колдоо көрсөтүү себеп болууда.

Пикир

Оставить комментарий