• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Кыргызстан менен Швейцариянын консулдук багыттагы кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Кыргыз тараптын демилгеси менен Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Кристоф Годин менен жолукту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук багыттагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, Жумакадыр уулу Кыргызстан чет өлкөлөр менен визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жана Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөдө жүрүүсүн жеңилдетүү маселелери боюнча чет мамлекеттер менен макулдашууларды түзүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, кыргыз тараптын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери үчүн визасыз режим киргизүү тууралуу эки тараптуу макулдашууга Кошумча протокол түзүү сунушун кароо өтүнүчүн билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча тыгыз байланышты улантууну макулдашышты.

Маалымат үчүн: Кыргызстандын өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визадан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга 2016-жылдын 20-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган.

Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги Франция, Эстония, Латвия, Польша, Чехия, Словакия, Словения өлкөлөрүнө виза берүүгө укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий