Анкарада Кыргызстан менен Түркия ТИМдеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча кеңешмелер өттү

Саясат 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча кеңешмелер болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин делегациясын министрдин орун басары Алмаз Имангазиев, Түркия Тышкы иштер министрлигинин делегациясын министрдин орун басары Ясин Экрем Серим жетектеди.

Консулдук кеңешмелердин жүрүшүндө укуктук, миграциялык жана визалык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле коопсуздук жана терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы кызматташтыктын кеңири спектри талкууланды.

Эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын тараптардын аймактарында болушу жана иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери кеңири талкууланды.

Кыргыз тарап Түркияда жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн жашоого уруксат алуу шарттарын либералдаштыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Түркиянын миграциялык мыйзамдарын бузган Кыргызстандын жарандарына миграциялык мунапыс боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Мындан тышкары, түрк тарапка эки мамлекеттин жарандарынын жүрүүсүнө уруксат берүүчү документтердин баасын паритеттик негизде төмөндөтүү, ошондой эле эки мамлекеттин жарандарынын ички паспорттор менен өз ара сапарларынын мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Миграция жана айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жаатында эки тараптуу документтердин долбоорлору талкууланды. Бул келишимдерге кол коюу үчүн зарыл болгон процедураларды мүмкүн болушунча тезирээк бүтүрүү ниети билдирилди.

Тараптар ошондой эле Консулдук мамилелер боюнча Вена конвенциясынын жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Консулдук конвенциянын тараптардын компетенттүү органдарын өз убагында кабардар кылуу жана кармалган, камакка алынган же соттолгон жарандарга консулдук кызмат менен камсыздоо бөлүгүнүн аткарылышын талкуулашты. Ошондой эле жарандык, коммерциялык жана кылмыш иштери боюнча юридикалык жардам көрсөтүүнүн алкагында кызматташуу аспектилери каралды.

Белгилей кетсек, кеңешмелерге Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев дагы катышты.

Пикир

Оставить комментарий