• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан менен Түркиянын бажы жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Бишкекте Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Түркиянын соода министринин орун басары Сезай Учармак менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бажы жаатындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана эки өлкөнүн бажы кызматтарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурушту.

Маалымат алмашуу, товарлардын жана транспорт каражаттарынын кыймылына көзөмөлдү жакшыртуу, ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды мындан ары бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу темалар козголду.

Ошондой эле 5-ноябрда Бишкекте өткөн саммитте кол коюлган Мамлекеттик бажы кызматы менен Түркиянын Соода министрлигинин ортосунда кинолог кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу боюнча протоколду ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр экендигин билдиришип, тажрыйба жана маалымат алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий