• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барышты

Коом 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова менен Түркия президентинин жубайы Эмине Эрдоган Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барышты.

Эмине Эрдоган Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстанга келген.

Алар ооруканада дарыланып жаткан энелер жана балдар менен маектешип, тезирээк сакайып кетиштерин каалашты.

Андан соң биринчи айымдар дарыгерлер жана медицина кызматкерлери менен баарлашты.

Пикир

Оставить комментарий