Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серим менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү, анын ичинде 2024-жылы эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу пландары талкууланды.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын эки мамлекеттин аймагында өз ара саякаттоо жана болуу шарттарын талкуулашты, мындан тышкары тараптардын Тышкы иштер министликтеринин ортосунда консулдук консультацияларды өткөрүүнү макулдашты.

Кыргыз тарап Кыргызстандын 150 жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын акысыз дарылоону караган Саламаттык сактоо жана медицина илимдери жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну эртерээк жандандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи жана ошондой эле жылына 500 адамга берилүүчү квотаны кеңейтүү өтүнүчү айтылды.

Мынданы тышкары, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, тереңдетүү жана өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий