• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Эл аралык иштер боюнча комиссиясынын төрагасы Фуат Октай менен жолукту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын 2024-жылдын 4-5-ноябрында Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын, ошондой эле 6-ноябрда Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыктарын талкуулашты.

Ошондой Кыргызстан менен Түркиянын президенттери Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле кол коюлган эки тараптуу келишимдердин тезинен күчүнө кириши боюнча маселелер талкууланды.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Кыргыз тарап түрк ишкерлерин Кыргызстандагы долбоорлорду ишке ашырууга жөнөтүүгө саясий колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө, ошондой эле кыргыз жарандарын Түркиянын ооруканаларында бекер дарылоо боюнча квотаны көбөйтүүнүн, жалпы билим берүү мекемелеринин санын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Мындан тышкары, КР Жогорку Кеңеши менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери кеңири талкууланды.

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Эл аралык иштер боюнча комиссиясынын мүчөлөрүнүн Кыргызстанга сапарын уюштуруу, анын ичинде Кыргызстандын ТМУга төрагалык кылуусунун алкагында макулдашуулар жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий