• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан менен Түркиянын Соода-өнөр жай палаталары эки тараптуу кызматташууну улантат

Коом 0

Бишкек, 11.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстан менен Түркиянын Соода-өнөр жай палаталары эки тараптуу кызматташууну улантат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев Бишкек – Анкара бизнес форумунда билдирди.

Анын айтымында, соода-экономикалык багыттагы байланыштарды мындан ары арттырууга кыргыз-түрк бизнес коомчулугунун салымы чоң.

"Биздин Стамбул жана Анкара шаарлары менен кызматташтыгыбыз артып жатат. Жакында эле биз форум өткөргөнбүз. Анда бери эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары кызматташуулардын үстүндө иштеп жатат. Кыргызстанда энергетика, кен иштетүү жана башка тармактарда иш жүргүзгөн анкаралык компаниялар бар. Алар катышкан долбоорлордун айрымдары азыр башталып жатса, улантылып жаткан долбоорлор да жок эмес. Бул ирет Бишкек – Анкара бизнес форумунда ишкерлердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдө биргелешкен кызматташтыктар да каралууда", - деди ал.

Ошондой эле Анкара Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү, ишкер Сыткы Өстуна Бишкек – Анкара бизнес форуму эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга көмөк берет деген ойдо.

"Биз Бишкек эркин экономикалык аймагына барып, ал жактагы иштер менен тааныштык. Биз түрк инвестициясын Кыргызстанга тартып, бул жакта өндүрүштү ачканга кызыкдарбыз. Биз Түркияга барганда дагы анализдеп, өзүбүздүн кесиптештер жана башка тармактагы адистер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз. Кыргызстандын өнүгүүсүнө биз колдон келген мүмкүнчүлүктөрүбүздү аябайбыз. Ал үчүн бизге технология, билим жана тажрыйба бар", - дейт Сыткы Өстуна.

Белгилей кетсек, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш жана кыргыз-түрк бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышууда. Форумда шаарлар ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана жаңы өндүрүштөрдү ачуу маселелери талкууланып жатат. Ошондой эле кыргыз-түрк ишкерлеринин B2B жолугушуулары өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий