• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Кыргызстан менен Түркиянын социалдык коргоо министрлери кызматташууну талкуулады

Коом 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Туркиянын Үй-бүлө жана социалдык кызмат боюнча министри Махинур Өздемир Гөкташ менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу Түрк мамлекеттер уюмунун Социалдык саясат боюнча министрлеринин биринчи жыйынынын алкагында өттү.

Баатырованын айтымында, ааламдашуу шартында үй-бүлө институтун чыңдоо президенти Садыр Жапаров тарабынан коюлган артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат.

"Коомдун туруктуулугу көп жагынан үй-бүлөнү, эне-бала институтун, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоо деңгээлинен көз каранды жана бул багытта Кыргызстанда чоң иштер жүргүзүлүүдө.

Биздин министрлик Түркия менен кызматташууга, анын ичинде "үй-бүлө Академиясы", аялдардын ишкердиги, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо сыяктуу долбоорлор боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий