• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстан менен Түркиянын соцкамсыздоо министрлери кызматташууну талкуулады

Коом 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Түркиянын үй-бүлө иштери жана социалдык кызматтар министри Махинур Оздемир менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу 22-23-августта Улан-Батор шаарында өткөн "Жашыл келечекке карай " бүткүл Дүйнөлүк яялдар форумунун алкагында өттү.

Жолугушуунун максаты эки өлкөнүн министрликтери менен экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум, Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы кызматташтыкты күчөтүү маселелерин талкуулоо болду.

Аталган комиссиянын 11-биргелешкен жыйынынын 2024-жылдын февралындагы иш-аракеттер планына үй-бүлөлөрдү, аялдарды, балдарды, жаштарды, майыптарды жана улгайган адамдарды коргоо жана кызмат көрсөтүү жаатында кызматташуу, ошондой эле миграция маселелери боюнча кызматташуу маселелери киргизилген.

"Бизге форум күн тартибиндеги актуалдуу жана көп пландуу маселелер боюнча өз ара кызматташууну күчөтүүнү талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк берди. Биринчи кезекте, биздин өлкөлөр тарыхый жана маданий байланыштарды, жалпы баалуулуктарды бириктирет. Ал эми бүгүн биз өлкөлөрүбүздүн жана дүйнөнүн өнүгүшүнө түздөн-түз таасир эткен глобалдык өзгөрүүлөргө күбө болуп жатабыз. Глобалдашуунун оң өзгөрүүлөрү менен катар, ар биринде социалдык туруктуулукка түздөн-түз таасир этүүчү көптөгөн кыйынчылыктар, тобокелдиктер жана көйгөйлөр барөлкөдө. Буларды чогуу чечүү биздин маанилүү милдетибиз экендигин баарыбыз түшүнөбүз. Алдыга коюлган максаттарга жетүүдө алдыңкы тажрыйбаларды биргелешип издөө маанилүү", - деди Жылдыз Полотова.

Эмгек министри калктын жашоо деңгээлин жана абалын жакшыртуу боюнча чаралар, адам капиталын өнүктүрүүгө жана инклюзивдүү социалдык коргоону түзүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын багытын жаңы багытта өзгөртүү жөнүндө белгиледи.

"Президент Садыр Жапаров "мамлекетибиздин башкы байлыгы - элибиз" деп тынымсыз кайталап келет", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий