• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан менен Түркиянын жылдык соода жүгүртүүсү 5 млрд долларга жеткирилет

Экономика 0

Бишкек, 06.11.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Кыргызстан менен Түркиянын жылдык соода жүгүртүүсү 5 млрд долларга жеткирилет. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында белгилүү болду.

Режеп Тайып Эрдоган белгилегендей, Түркия Кыргызстандагы алдынкы 5 инвестор өлкөнүн арасында.

"Эң көп расмий салым кошкон өлкөлөрдүн сап башында турабыз. Алардын бардыгы ата-журтубузга көрсөткөн экономикалык колдообуз болуп эсептелет. Урматтуу бир тууганым Садыр Жапаров менен эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард доллар деңгээлине жеткирүү максатыбыз боюнча макулдаштык”, - деди ал.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кыргызстанда түрк фармацевтикалык заводун курууну сунуштап, “Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы түзүлүп, анын негизги милдети калкты сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу экендигин айтты.

“Түркия жогорку сапаттагы дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер экенин билебиз. Ушуга байланыштуу, Кыргызстанда түрк фармацевтикалык заводун курууну сунуштайт элем. Ал Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн жана Россиянын муктаждыгын жабат эле”, - деди ал.

Эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунда көп тараптуу кызматташуунун бардык маселелери талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Мында миграция, энергетика, саламатык сактоо жаатындагы макулдашуулар бар.

Жалпысынан 19 келишимге жана меморандумга кол коюлду. Алардын экөө саламаттык сактоо жаатында. Ага ылайык, Бишкек шаарындагы Режеп Тайып Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достук ооруканасын эки өлкө биргелешип башкарат. Ошондой эле мындай ооруканаларды өлкөнүн башка аймактарында да куруу ниети коюлган.

Ошондой эле тараптар бир катар тармактарда кызматташуу тууралуу сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий