• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кыргызстан менен Түркмөнстандын парламенттеринин жетекчилери жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөстандагы расмий сапарынын алкагында Межлисинин төрайымы Дунягозел Гулманова менен жолукту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча да ой бөлүштү.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев Дунягозел Гулманованы Түркмөнстандын Эгемендүүлүк майрамы, ошондой эле түркмөн элинин улуу акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдык маарекеси менен куттуктады.

Муну менен катар төрага акыркы жылдары тарыхы, маданияты жана руханий баалуулуктары окшош эки боордош элдин байланыштарын бекемдөө багытында жасалып жаткан иштерге токтолду.

“Кыргызстан Түркмөнстан менен калыптанган достук жана боордоштук алакаларды кеңейтүүгө ар дайым кызыкдар. Айрыкча эки өлкөнүн башчыларынын аракети менен эки тараптуу өнөктөштүк жаңы деңгээлге көтөрүлүп, өз ара ишенимге негизделген кызматташтык жигердүү өнүгүүдө”, – деди Нурланбек Шакиев.

Андан тышкары, алакаларды арттырууда парламенттик дипломатиянын салымы зор экенин белгилеген төрага: “Бул расмий сапар байланыштардын жаңы барагын ачып, мыйзам чыгаруу органдарынын кызматташтыгын кеңейтет деген терең ишеничтебиз. Биз эки өлкө ортосунда жетишилген келишимдердин ийгиликтүү ишке ашуусу үчүн керектүү мыйзамдык колдоону көрсөтүшүбүз керек”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле соода-экономикалык маселелер тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев бул жаатта жылыштар бар экенин эске салып: “Бирок биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң. Бул үчүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн Кыргыз-Түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин активдештирүүбүз кажет”, – деди.

Мындан сырткары, энергетика жана туризм жаатында да кызматташуу зарыл экенин айткан Жогорку Кеңештин төрагасы айрым транспорттук-транзиттик маселелерге токтолду.

“Кыргызстан Түркмөнстандын транзиттик потенциалын пайдаланууга кызыкдар. Ал эми түркмөн тарап Кытайга жана андан ары Түштүк-Чыгыш Азияга чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын активдүү пайдалана алат”, – деди ал.

Сөзүнүн аягында Нурланбек Шакиев Дунягозел Гулманованы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Түркмөнстандын Межлисинин төрайымы Дунягозел Гулманова да боордош эки элдин алакасын арттыруу түркмөн тарап үчүн да өтө маанилүү экенин белгилеп, алакаларды өнүктүрүү жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүштү.

Муну менен катар Кыргызстан эл аралык аянтчаларда, анын ичинен Бириккен Улуттар уюмунун отурумдарында Түркмөнстанды ар дайым колдоп келе жатканын эске салган Дунягозел Гулманова бул үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле улуу калемгер, ойчулдар Махтумкули Фраги менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу да сөз кылган Межлистин Төрайымы алардын эмгектери эки эл үчүн табылгыс казына экенин белгиледи.

Парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү жаатында кеп кылган Дунягозел Гулманова тармактык комитеттердин, достук топторунун жана айым депутаттардын алкагында да кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин көтөрдү.

Пикир

Оставить комментарий