• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстан менен Түштүк Корея санариптик технологиялар жаатында кызматташат

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Корея Республикасынын Илим жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министрлигинин ортосунда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташууга багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, меморандумга президент Садыр Жапаровдун 2-4-декабрь аралыгында Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында кол коюлду.

Документке санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева менен Кореянын илим жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министри Ю Сан Им кол коюшту.

Документ санариптик трансформация чөйрөсүндө өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө, алдыңкы технологиялар жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле инновациялык санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну макулдашты:

  • мамлекеттик башкаруу системасына заманбап санариптик технологияларды киргизүү;
  • биргелешкен изилдөө жана инновациялык жасалма интеллект жана чоң маалыматтарга негизделген чечимдерди иштеп чыгуу;
  • адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн тажрыйба алмашуу жана тренингдерди өткөрүү.

Пикир

Оставить комментарий