• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Борбордук шайлоо комиссияларынын вебинары болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Борбордук шайлоо комиссияларынын вебинары болуп өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Түштүк Кореянын Улуттук шайлоо комиссиясынын (УШК) ортосунда, 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо COVID-19 дартынын таралуусунун алдын алуу маселелери боюнча вебинар болду.

Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин (KOICA) колдоосу менен уюштурулган вебинарга КР БШК төрагасынын орун басары А. Бегматов, Кореянын Улуттук шайлоо комиссиясынын башкаруучу директору Пак Чанджин, KOICAнын вице-президенти Пэк Су-Хе жана эки комиссиянын өкүлдөрү катышты.

Түштүк Кореянын УШК өкүлдөрү пандемия учурунда шайлоону уюштуруу тууралуу өз тажрыйбаларын айтып беришти. Алардын айтканына караганда, 2020-жылдын 15-апрелинде бүткүл өлкөдө атайын эс алуу күнү жарыяланган. Добуш берүүлөрдү уюштуруу үчүн бийлик 550 миң адамды ишке тарткан.

Улуттук жыйындын 21-чакырылышына шайлоолордун жүрүшүндө өлкө боюнча 14 330 шайлоо участоктору уюштурулган, бир шайлоо участогуна орточо 2000 миң шайлоочу туура келген. Бардык участоктор дезинфекцияланып, полдорго шайлоочулардын социалдык аралыкты сактоосуна жардам берүүчү белгилер тартылган. Ошондой эле өлкө боюнча 3 508 шайлоо участоктору мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн ачылган, алардын ар биринде орточо 3 300 шайлоочу добуш бере алган.

Кореянын Улуттук жыйынынын 21-чакырылышына шайлоо өткөрүү үчүн, чет өлкөлөрдөгү 85 дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө 91 шайлоо участогу ачылган. Добуш берүү үчүн каттоодон өтүү онлайн жүргөн.

Даярдык көрүү алгоритми:

  • Персоналдар менен камсыздоо: жардам берүүчү кызматкерлерди ишке алуу, жөнөкөйлөтүлүп, байланыш кылбай иштөөгө окутуу;
  • Бюджет менен камсыздоо: бюджеттен жана резервдик фонддон бөлүү;
  • Эпидемияга каршы каражаттар менен камсыздоо: акыркы шайлоодогу шайлоочулардын санына жараша массалык сатып алуулар;
  • Бирге аракеттене турган мекемелердин кызматташтыгы боюнча система түзүү;
  • Жарандарга маалымат жеткирүү: “Улуттук жыйындын 21-чакырылышына шайлоолордун жүрүшүндөгү жарандардын жүрүм-турум эрежелери”.

Добуш берүү алгоритми:

  • Биринчи кезекте шайлоо участогуна кире бериш жерде бардык шайлоочулардын температурасы текшерилет. Температурасы 37,5℃ болгон жана башка симпомдору бар шайлоочулар добуш берүү үчүн убактылуу кабиналарга барышкан.
  • Шайлоо участогуна кирүү алдында шайлоочу колун дезинфекциялап жана колуна бир жолку перчаткаларды кийген.
  • Шайлоочулар маскаларын убактылуу алып, ким экендиги текшерилгенден кийин шайлоо бюллетендерин алышкан.
  • Шайлоо кабинетинде бюллетенин толтургандан кийин шайлоочу бюллетенди шайлоо урнасына таштаган.
  • Бир жолку перчаткасын атайын коюлган таштанды челекке ыргыткандан кийин шайлоо участогунан чыгып кеткен.
  • Шайлоо участокторунун кызматкерлери добуш берүүнүн жүрүшүндө колдонулуучу бардык нерселерди регулярдуу түрдө дезинфекция жасап, имаратты желдетип турушкан.

Белгилүү болгондой, Түштүк Кореяда шайлоого катышуу акыркы 28 жылдагыга салыштырганда абдан жогору болгон. Эки жумадан кийин берилген бааларга караганда, алдын ала жасалган чаралардын натыйжалуу болгондугунан улам, шайлоо коопсуз болгон. Ушул убакыт ичинде өлкө боюнча оорунун болгону 14 учуру ачыкка чыккан.

КР БШК төрагасынын орунбасары А. Бегматов кесиптештерине 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүүдө шайлоонун бардык этаптарындагы коопсуздук боюнча алгоритмдерди түзүп жатышкандыгы боюнча маалымат берди. Азыркы учурда партиялар депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүп жатышат. КР Боршайкому сьезддерди өткөрүүдө дистанциялык формаларды максималдуу колдонууга, же болбосо иш-чараларды социалдык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын камсыз кылуу менен өткөрүү сунуштарын берип жатат.

Пикир

Оставить комментарий