• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстан менен Таиланд диппаспорт ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашты

Саясат 0

Бишкек, 28.09.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Таиланддын ортосунда дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, документке Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Таиланддын тышкы иштер министри Марит Сангиампхонг кол койду.

Жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп, анда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Жээнбек Кулубаев географиялык алыстыкка карабастан, Кыргызстан менен Таиланддын жана башка аймактардын ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Бул багытта жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу сунушталды.

Ошондой эле министр Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сүрөп жатканын билдирип, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташуу керектигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий