• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстан менен Тажикстандын энергетика министрлери CASA-1000 долбоорун талкуулашты

Экономика 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Тажикстандын энергетика жана суу чарба министри Далер Жума жеке жолугушуу өткөрдү.

КР Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу бүгүн, 9-августта Казакстандын Астана шаарында өтүп, эки өлкөнүн министрлери CASA-1000 Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору боюнча сүйлөшүү жүргүздү.

Аталган CASA-1000 долбоору Борбор Азиянын энергетикалык системасын Түштүк Азия менен байланыштырууга багытталган жана 2024-жылдын соңунда ишке киргизүү пландалган.

Учурда Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу уланып жатат. CASA-1000 долбоору боюнча 456 чакырым болгон 500 кВ аба чубалгысын куруу иштери кызуу жүрүүдө. Атап айтсак, 500 кВ “Датка” көмөк чордонунда уячаны куруу толугу менен 100% бүткөрүлдү. Тирөөчтөрдү орнотуу 100% бүткөрүлдү жана аба чубалгысын тартуу иштери 456 чакырымдан 428 чакырымы бүттү. Курулуш иштери толугу менен 2024-жылдын август айынын соңунда бүткөрүлөт деп пландаштырылууда.

Буга байланыштуу Тажикстан менен Кыргызстандын энергетика министрлери “CASA-1000” долбоорун толук ишке киргизүүнүн алдында, аткарылган иштерди сыноодон өткөрүү иш-чараларын уюштурууну пландашты. Алар эки өлкө ортосунда бири-бирине электр энергиясын берип көрүү жолу аркылуу тартылган аба чубалгыларын, трансформаторлорду, көмөк чордондорду сыноодон өткөрөт. Сыноодон толук кандуу 100% өтүп, мүчүлүштүктөр болсо калыбына келтирилген соң, толук ишке киргизүү иш-чарасы өткөрүлөт.

Эске салсак, CASA-1000 долбоору Борбордук Азиянын энергетикалык системаларын Түштүк Азия менен - Кыргызстан жана Тажикстанды Афганистан жана Пакистан менен байланыштырууну көздөйт. Бул эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын соодалоо механизмдерин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий