• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстан менен Венгриянын эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. 11-майда КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин отуз биринчи жылдык жыйынына катышуунун алкагында Венгрия делегациясынын башчысы – каржы министри Михай Варга менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Венгрияны тарыхый байланыштырган соода-экономикалык, социалдык жана маданий мамилелерди сактоого жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берип, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Министр Амангелдиев ВКӨФнун коллегиясы тарабынан аткарылган иштер, тактап айтканда, фонддун негизги ченемдик-укуктук ички документтерин макулдашуу жана бекитүү процессинин аяктагандыгы, электр станциялары тармагында бүгүнкү күндө артыкчылыктуу биргелешкен долбоорлорду аныктоо, ошондой эле лизинг, венгриялык технологияларды тартуу жана суу менен камсыздоо секторунда, аквакультурада, мал чарбачылыгындагы тажрыйбасы тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Варга Венгриянын Европа биримдигине мүчөлүгүн эске алуу менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын, бул ишкердик кызматташууну, биргелешкен ишканалардын кызматташуусун бекемдөө аркылуу мамилелерди тереңдетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бул келечекте биргелешкен экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кыйла кеңейтерин белгиледи.

Буга байланыштуу тараптар венгриялык WizzAir авиакомпаниясы тарабынан Будапешт – Бишкек – Будапешт багыты боюнча алдыдагы түз авиакаттамды ачуунун позитивдүү тенденциясын белгилешти, бул аймактык тоскоолдуктарды жоюуга гана эмес, өз ара пайдалуу кызматташтыктын инвестициялык жана туристтик потенциалын андан ары өнүктүрүүгө да салым кошот.

Мындан тышкары, Варга Венгриянын өкмөтү тарабынан экономиканы өнүктүрүү, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, чет элдик жумушчу күчкө болгон муктаждыкты жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Буга байланыштуу ал Кыргызстандан келген студенттер жана эмгек мигранттары үчүн квоталарды көбөйтүү аркылуу билим берүү жана эмгек рыногу жаатында эки тараптуу кызматташууну арттыруу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий