• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстан менен Венгриянын стратегиялык кызматташтыгын бекемдөө маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Күн мурун Будапештте Кыргызстандын элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу кызматташуу боюнча жаңы шайланган мамлекеттик катчысы Богларка Ильеш менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун учурдагы абалы жана өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин жана Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйындарын өткөрүү маселесин талкуулашты.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши жана Stipendium Hungaricum стипендиялык программасы боюнча пикир алмашты.

Европарламентке жана жергиликтүү бийлик органдарына өткөн шайлоонун жыйынтыктарына, ошондой эле Венгриянын Европа биримдигинин кеңешине алдыдагы алты айлык төрагалыгы учурундагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде мамлекеттик катчы Богларка Ильеш өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө багытталган Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги менен биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий