Кыргызстан менен Венгриянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын Ттышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто телефон аркылуу сүйлөштү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана 2023-жылга карата биргелешкен иш-чаралар боюнча пландар талкууланды.

Бийик жана жогорку деңгээлдеги диалогго жана Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий