Кыргызстан менен Өзбекстан Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повестинин негизинде тасма тартат

Маданият 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повестинин негизинде биргелешкен тасма тартат. Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Документке кыргыз тараптан Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов жана өзбек тараптан Кинематография агенттигинин директорунун орун басары Шухрат Ризаев кол койду.

Тараптар кол коюу аземинин жүрүшүндө "Маданий эс тутум" жана "Маданий иденттүүлүк" маселелерин жалпы адамзаттык даражага көтөрө алган улуу жазуучунун чыгармаларын экрандаштыруунун актуалдуулугу, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кино тартуу иштери жанданышы, ошондой эле, мындан ары алаканы бекемдөөнү макулдашты.


Маалымат үчүн: 2023-жылдын сентябрында Ташкенттеги "Жибек жолунун бермети" эл аралык кинофестивалынын жарманкесинде КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти менен ӨРнын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Кинематография агенттигинин ортосунда “Однажды в Самарканде” аталышындагы көркөм тасма тартуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий