• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Кыргызстан менен Өзбекстан саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөдө

Коом 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Даврон Тахиров менен эки тараптуу жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Азербайжанда өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 4-жыйынынын алкагында өттү.

Жолугушууда эки өлкөнүн Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы кызматташуу тууралуу макулдашуунун негизинде эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселелери талкууланды.

Жолугушууда өзгөчө көңүл трансплантология, анын ичинде дарылоо жана адистерди даярдоо жаатында тажрыйба алмашууга бурулду.

Эки өлкөнүн министрликтери калктын ден соолугун чыңдоо максатында бардык белгиленген багыттар боюнча жигердүү кызматташууну улантуу ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий