Кыргызстан менен Өзбекстан соода жана өнөр жай тармагында кызматташтыкты күчөтөт

Аймак 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан соода жана өнөр жай тармагында кызматташтыкты күчөтөт. Бул тууралуу Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов Ѳзбекстандын Андижан, Наманган, Фергана облустарын соода-өнөр жай палатасынын жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эки өлкөнүн кызматташтыгын арттыруу боюнча соода, өнөр жай жана башка тармакта аткарылуучу жумуштар талкууланды.

Өзбекстан республикасынан келген делегация өкүлдөрү Ош облусу менен тыгыз кызматташууга жана тажрыйба алмашууга даяр экендигин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Ош облусу жана Өзбекстан республикасынын Андижан облусу ортосунда ар тараптуу кызматташуу боюнча бир нече документтерге кол коюлуп, жол картасы иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий