• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан менен Өзбекстандын айыл чарба тармагындагы кызматташтыгы кеңейүүдө

Коом 0

Ташкент, 11.07.24. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жумаев баштаган делегация 8-9-июлда жумушчу сапары менен Ѳзбекстандын Анжиян жана Фергана облустарында болушту. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ѳзбекстандын айыл чарба министерлигинен билдиришти.

Делегациянын курамында министрликтин Ветеринардык кызмат, асыл тукум мал, жайыт жана тоют, айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо, химия жана ѳсүмдүктѳрдү коргоо, ѳсүмдүк таануу жана багбанчылык, кайра иштетүү тармагы боюнча бөлүмүнүн жетекчилери жана адистери, ошондой эле "Аталык Групп", "Евросервис Гроуп" , "Данеко", "Wоол.кг", "Белая Река" жана "Кант сүт" компанияларынын ѳкүлдѳрү болушту.

Нурлан Жумаевдин айтымында, соңку мезгилде Кыргызстан менен Ѳзбекстандын ортосундагы ѳз ара кызматташтык коомдук турмуштун бардык багыттарында, ошондой эле айыл чарба тармагында да ыраатуулук менен ѳнүгүп жатат.

"Сапарыбыздын негизги максаты Ѳзбекстанда айыл чарба багытында жүзѳгѳ ашырылып жаткан реформалар менен таанышуу, тажрыйба алмашуу жана өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыктын жаңы багыттарын белгилеп, учурдагы кызматташтыгыбызды мындан ары да өнүктүрүү болуп саналат", - деди ал.

Кыргызстандын делегациясынын мүчөлөрү Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүнүн коштоосунда Анжиян жана Фергана облустарындагы бир катар чарбаларда жана ишканаларда болушту.

Тактап атканда, алар Анжиян облусунун Ходжаабад районундагы "Навигул" ЖЧКнын жашылча-жемиш, Жалалкудук районундагы "Греен wорлд ландшафт", Улугнор районундагы "Асакатекстил" ЖЧК пахта-текстиль кластерлеринин иши менен таанышты.

Ошондой эле Фергана облусунун Маргелан шаарындагы жибек сырьёсун өндүрүүгө адистешкен "Нурли Тонг Силк", Коштепа районундагы "Фергана глобал текстиль" пахта-текстильдик кластерилеринде, Фергана шаарындагы Swissagro компаниясында, Алтыарык районундагы "Хайрулло Бахром Бойматов" дыйкан чарбасынын жүзүм плантациясында болушуп, жергиликтүү адистер менен ѳз ара кенен пикир алмашышты.

КР Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү эки күндүк иш сапарынын алкагында Өзбекстандын айыл чарба тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар, тармакка киргизилген жаңы технологиялар менен таанышып, ѳлкѳнүн агрардык секторунда болуп жаткан позитивдуу ѳзгѳрүүлѳргѳ чоң баа беришип, бир катар тармактарда кооперация жана ѳз ара пайдалуу кызматташтык тууралуу ойлорун ортого салышты.

Пикир

Оставить комментарий