• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан менен Өзбекстандын башкы прокурорлору кызматташуу программасына кол койду

Коом 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев Өзбекстандын башкы прокурору Нигматилла Йулдошев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жолугушууда эки өлкөнүн Башкы прокуратураларынын ортосунда 2024-2026-жылдарга кызматташтык программасына кол коюлду.

Кол коюу аземи Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун 22-отурумунун жана Түрк мамлекеттеринин уюмунун башкы прокурорлор кеңешинин 3-отурумуна катышуунун алкагында өттү.

Бул программа эки өлкөнүн көзөмөл органдарынын ортосундагы мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөө чөйрөсүндө өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

"Мында тажрыйба жана маалымат алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди иштеп чыгуу, ишке ашыруу кызматташтыктын негизги багыттары болуп белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий