• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстандын ИИМ башчылары кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 20.08.22./Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын ички иштер министрлери Улан Ниязбеков жана Пулат Бобожонов жолугушту. Тараптардын жолугушуусу Ташкенттеги ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин кеңешмесинин алкагында өткөн.

КР ИИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө заманбап дүйнөнүн криминалдык чакырыктарын, атап айтканда, маалыматтык чөйрөдөгү кылмыштуулукту, терроризмди жана экстремизмди, мыйзамсыз миграцияны, баңгизаттарды, курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүнү жана адамдарды сатууну эске алуу менен өз ара аракеттенүүнү андан ары кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эки тараптууведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, ошондой эле региондук коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тармактык ведомстволордун ортосунда узак мөөнөттүү келечекте өз ара аракеттенүү чараларын караган кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий