• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан менен Өзбекстандын кинематографисттери кызматташат

Маданият 0

Ташкент, 20.07.24. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын кинематографисттеринин ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Кызматташтык меморандуму Кыргыз кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов менен Өзбекстан Республикасынын Маданият министрлигине караштуу Кинематография агенттигинин ортосунда түзүлдү.

Документке күн мурун Ташкентте өткөн Кыргыз кино күндөрүнүн ачылыш аземинде Кыргыз кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов менен Өзбекстандын Кинематография агенттигинин директору Шухрат Ризаевдер кол коюшту.

Документтин максаты - тармактагы алакаларды өнүктүрүү, өз ара кызматташууда фильмдерди тартуу, эки өлкөнүн аймагында маданият күндөрүн өткөрүү, кино тармагындагы бир туугандык байланыштарды мындан ары да чыңдоо болуп саналат.

Аземдин башында Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажималиев менен Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Аваз Тажихонов эки өлкөнүн маданий карым-катнашынын чыңдалышына токтолушту.

Белгиленгендей, Кыргыз кино күндөрүнүн алкагында ѳзбекстандык кѳрүүчүлѳргѳ режиссерлор Д.Тилепбергендин "Белек", А.Жураеванын "Теңирберди" жана С. Каримовдун "Кызыл жоолук жалжалым" тасмалары тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий