• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Ташкент, 19.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Күн мурун Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев менен телефон аркылуу сүйлөштү, деп билдирет Өзбекстан өкмөт башчысынын басма сөз кызматы.

Сүйлөшүүнүн башында Өзбекстандын премьер-министри Адылбек Касымалиевди Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөттөрүнө коюлган маанилүү милдеттерди аткаруу үчүн тыгыз кызматташууга, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык, транспорт-логистикалык тармак, энергетика, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга ишеним билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстандын премьер-министри кыргыз кесиптешине бул кызматка дайындалгандыгына байланыштуу куттуктоо катын жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий