• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Чолпон-Атада Кыргызстан менен Өзбекстан парламенттер аралык комиссиясынын отуруму өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 21-июнда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын IV отуруму өттү.

Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев менен ӨзбекстанОлий Мажлисинин сенатынын төрайымынын орун басары Садык Сафоев баштаган депутаттар катышты.

Парламенттер аралык комиссиянын жыйынына төрагалык кылган Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев иш-чараны ачып жатып, тарыхы, маданияты тектеш, кылымдар бою коңшулаш жашап келген боордош өзбек эли менен болгон кызматташтык акыркы жылдары активдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы алакалардын учурдагы абалы тууралуу сөз кылган Нурланбек Азыгалиев: "Айрыкча соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык багыттагы кызматташтык ыкчам өнүгүү жолуна түштү. Алсак, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүгө ишенимдүү аракеттер көрүлүүдө. Башкасын айтпаганда да Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча аракеттер ишке аша баштаганы кубандырат. Өз ара карым-катнаштын ийгиликтүү өнүгүү жолуна түшкөнүнө эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын саясий эрки, коңшулук жылуу мамилелерди бекемдөөгө карата болгон астейдил аракеттери чоң өбөлгө түзүүдө", - деди.

Өз кезегинде Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымынын орун басары Садык Сафоев өз ара мамилелерди чыңдоодо эки өлкөнүн парламенттери да олуттуу ролду ээлей турганын айтуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга белгиленип жаткан мамлекеттик сапары эки өлкөнүн кызматташтыгынын мындан ары өнүгүшүнө чоң түрткү берерине ишенгендигин билдирди.

Ошону менен бирге жыйындын жүрүшүндө тараптар чектеш аймактардын кызматташтыгын арттыруу, анын өнүгүүсүнө жагымдуу шарт-жагдайларды түзүп берүү боюнча пикир алмашты. Айтылгандарга таянсак Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары Өзбекстандын Анжиян, Наманган, Фергана облустары менен соода-сатык, спорт, туризм багытында кызматташууну жылдан-жылга жакшыртуунун үстөндө иш алып барууда.

Андан тышкары, "Достук" өткөрмө пункту аркылуу каттагандар өтө көп болуп жаткандыгына байланыштуу "Ынтымак" өткөрмө пунктун да ачуу сунушу айтылды. Муну менен катар билим берүү жаатындагы кызматташтык, маданий өз ара карым-катнаш, Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү, миграция маселелери туурасында да кеңири сөз болду.

Жыйындын жүрүшүндө төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаеваны расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Ал эми комиссиянын кийинки жыйыны Өзбекстанда өтө турган болду.

Пикир

Оставить комментарий