• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери биргелешкен долбоорлорду ишке киргизди

Президент 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 18-июлда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын катышуусунда кыргыз-өзбек биргелешкен долбоорлорунун онлайн ишке киргизүү аземи болуп өттү.

Эки өлкө лидерлери Кыргызстанда коммерциялык техниканы жана жеңил унааларды чогултуучу заводду расмий түрдө ишке киргизишти. Аймактын аянты 4,7 гектарды түзөт. Завод 500 адамды иш менен камсыз кылат.

Ошондой эле Кара-Балта шаарындагы кездеме жана тигүү-трикотаж буюмдарын чыгаруучу заводу ишин баштады. Комбинаттын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 17 миң тонна трикотаж кездеме жана 7 миллион даана трикотаж продукциясын чыгарууга эсептелген.

Мындан тышкары, өндүрүлгөн электр энергиясы менен Кыргызстанды камсыз кылуу максатында Өзбекстандын Фергана жана Наманган облустарында ар биринин кубаттуулугу 200 МВт болгон эки фотоэлектр станциясынын курулушу башталды.

Пикир

Оставить комментарий