• 89.43
  • 96.57
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кеңири форматта жолугушуу өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. «Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк.

Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем”,- деп Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, кеңири форматта жолугушуусунда баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Урматтуу Шавкат Миромонович,

Урматтуу Өзбекстан Республикасынын делегациясынын мүчөлөрү,

Дагы бир жолу Бишкекке кош келиңиздер. Меймандос кыргыз жергесине Сиздин мамлекеттик сапар менен келишиңиз бизге зор кубаныч тартуулайт.

Кыргызстан боордош Өзбекстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө ар дайым өзгөчө маани берет. Биз үчүн Өзбекстан ынак коңшу, чыныгы дос жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш.

Муну салт болуп келгендей өз ара түшүнүшүү жана конструктивизм духунда абдан жылуу, ачык жана достук маанайда өткөн биздин бүгүнкү жолугушуубуз дагы бир жолу далилдейт.

Баарынан мурда бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер жогорку, стратегиялык деңгээлде экендигин дагы бир жолу абдан кубануу менен белгилегим келет.

Биздин мамлекеттердин ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз достуктун, бир туугандыктын жана ынак коңшулуктун негизинде эки тараптуу кызматташтыктын бүткүл чөйрөсүн мындан ары да кеңейтүүнү камсыз кыла турганыбызды так түшүнүп турабыз.

Мамлекеттер аралык мамилелерде маанилүү роль ойногон эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштары барган сайын алдыга өнүгүүсүн улантууда.

Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя.

Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк.

Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем.

Урматтуу Шавкат Миромонович, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маанилүү маселелерди чечүүдө Сиздин баа жеткис ролуңузду белгилегим келет.

Өзгөчө көңүл бура турган нерсе - ушул мамлекеттик визиттин алкагында Келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу менен бул маанилүү окуя бекемделет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюу менен өз ара мамилелерибизди кызматташтыктын болуп көрбөгөндөй деңгээлине чыгарабыз.

Урматтуу Шавкат Миромонович,

Үстүбүздөгү жыл Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердеги мааракелик жыл катары өтөт. Тагыраагы келерки айда, 16-февралда биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилейбиз.

Мааракелик жылда союздаштык мамилелер жөнүндө Келишимге кол коюу менен мамлекеттер аралык мамилелердин статусун көтөрүүнү жана мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку мамлекеттер аралык кеңешти түзүү маанилүү деп эсептейм.

Тиешелүү документтерди даярдоону эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтерине тапшырууну сунуштайм.

Урматтуу Шавкат Миромонович,

Биз соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча биргелешкен ишибизди улантууну көздөп жатабыз.

Акыркы жылдары өз ара соодада оң динамика байкалууда. Ошону менен бирге биз бул жаатта бизде пайдаланылбай жаткан олуттуу потенциал бар экендигин моюнга алышыбыз керек.

Буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында бүгүн биргелешкен ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнү караштырган эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Биздин өлкөлөрдүн Вице-премьер-министрлери баш болгон ыйгарым укуктуу органдар тоо-кен тармагында, өнөр жай кооперациясында, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө, энергетикада, курулушта, инфраструктурада жалпы суммасы бир жарым миллиарддан ашык АКШ долларына биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча чоң иштер аткарылды.

Биздин өлкөлөр биргелешип ишке ашыра турган долбоорлордун акча суммасы таасир калтырат.

Пландаштырылган долбоорлор жакынкы аралыкта толугу менен ишке ашат деп ишенем.

Албетте, инвестициялык долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн каржылоо талап кылынат. Бул багытта Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонсок болот.

Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун алкагында Жалал-Абад облусунда пахтаны кайра иштетүү, текстиль өндүрүшүн, соода-логистикалык борборлорду түзүү, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле бир катар чакан ГЭСтерди куруу боюнча биргелешкен ишкананы каржылоонун маанилүүлүгүн белгилегим келет.

Фонд өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калат деп күтөбүз.

Биргелешкен долбоорлор биздин өлкөлөрдүн чек арага жакын аймактарынын калкынын жана өнөр жайынын керектөөлөрүн камсыздайт, ошону менен бирге логистикалык чынжырды өнүктүрүү жана башка тармактардын өнүгүү потенциалын ачуу менен эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берет, деп ишенем.

Биз ошондой эле ишкерлер менен өлкөлөрүбүздүн аймактарынын ортосундагы түз бизнес байланыштарды кубаттайбыз.

Бир күн мурун, 26-январда биздин өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугунун 200дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстан-Өзбекстан” чоң бизнес-форуму өтүп, анда кызматташуу маселелери талкууланып, келечекке чоң милдеттер коюлду.

Ушуга байланыштуу мен Сардор Уктамович менен Акылбек Үсөнбековичтин бул форумга катышканы үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Кыргыз Республикасы өзбек ишкерлери үчүн ар дайым ачык жана алардын демилгелерин жана долбоорлорун ар тараптуу колдоого, аларды ишке ашырууга максималдуу жардам көрсөтүүгө жана инвестицияларды коргоого даяр. 

Урматтуу Шавкат Миромонович,

Учурдагы дүйнөлүк тартиптин шарттарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн транспорттук-логистикалык инфраструктурасын глобалдык транспорттук түйүндөргө жана коридорлорго интеграциялоо үчүн күч-аракеттерди жумшоо өтө маанилүү.

Кыргызстан эл аралык маанидеги автомобиль жолдорун жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Күн тартибинде өлкөнүн ичиндеги темир жолдорду реконструкциялоо жана трансконтиненталдык магистралдарга жеткирүү маселеси турат.

Муну айтуу менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун биргелешип куруу боюнча биздин пландарыбыздын актуалдуулугун белгилегим келет.

Региондун өлкөлөрүн бириктирүүчү жаңы транспорттук-коммуникациялык коридорлорду түзүү - биздин мамлекеттердин региондук соода тармактарын деңиз жолдору менен дүйнөлүк соода рынокторуна туташтыруу жагынан мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Урматтуу Шавкат Миромонович,

Аймакта чек ара ортолук туризми популярдуу болуп жатканын да белгилей кетүү керек. Бул чет элдик туристтерге нукура жашоо образына сүңгүп, биздин өлкөлөрдүн калкынын маданиятын, улуттук табитин жана салттарын туюп-билүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берүүнүн эң мыкты жолу.

Бул максатта эс алуу зоналарын (Ысык-Көл, Жалал-Абад), ошондой эле кышкы (Чуңкурчак, Каракол) жана руханий туризмди (Самарканд, Бухара, Хива) өнүктүрүү жаатында биргелешкен туристтик продукцияларды жасоону сунуштайм.

Кыргыз тарап жаңы туристтик маршруттардын келечегин изилдөө үчүн биргелешкен экспедицияларды уюштуруу, бирдиктүү виза алуу, заманбап Улуу Жибек Жолунун боюнда биргелешкен туристтик продукцияларды жаратуу, геопарктарды түзүү сыяктуу биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү - маанилүү деп эсептейт.
Урматтуу Шавкат Миромонович,

Маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыктын активдүү динамикасын канааттануу менен белгилегим келет .

Быйылкы жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалып, бул өлкөлөр ортосундагы гуманитардык байланыштарды чыңдоого чоң салым кошот.

Жакынкы арада Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыка-драма театрынын 100 жылдыгына карата капиталдык оңдоо иштери аяктайт.

Анын ачылышын биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулганынын 30 жылдыгын майрамдоого карата ылайыкташтыра алабыз.

Учурдан пайдаланып Кыргызстандын Баткен облусунда эки орто мектептин курулушу аяктагандыгына байланыштуу Сизге ыраазычылык билдирем .

Бул мектептердин курулушу - биздин элдерибиздин достугунун жана ынак кошуналыктын ачык-айкын далили, муну Кыргызстандын туштүк аймагынын жашоочулары чоң ыраазылык менен кабыл алышты.

Мындай социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу биздин элдерибиздин ортосундагы достукту жана жалпы эле кыргыз-өзбек мамилелерин чыңдоого жардам берет деп ишенем.

Урматтуу Шавкат Миромонович,

Сөзүмдүн аягында эки өлкөнүн элдеринин ортосунда калыптанып калган, жалпы тарыхка жана маданиятка, өз ара түшүнүшүүгө жана ишенимге негизделген достук жана боордоштук байланыштар биздин алдыга, жалпы максатка — элдерибиздин өсүп-өнүгүшүнө жана жыргалчылыгына карай биргелешип жылууга жардам берерине терең ишенгенимди билдиргим келет.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!».

Пикир

Оставить комментарий