• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери ЖМКга билдирүү жасашты

Президент 0


Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады.

Мамлекет башчысы кылымдар бою кыргыздар менен өзбектер достук жана туугандык мамилелер байланыштырган боордош элдер экенин айтты. Бул жалпы байлык, мурас кылдаттык менен сакталып, муундан-муунга өтүп келет, бул мурасты эки элдин урпактары көбөйтүшү керек.

Садыр Жапаров биргелешкен күч-аракеттин аркасында салыштырмалуу кыска мөөнөттүн ичинде эки тараптуу мамилелер таптакыр жаңы деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгарылганын баса белгиледи. Чек ара маселелери конструктивдүү чечилип, соода-экономика, энергетика, транспорт, гуманитардык жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлор алдыга жылдырылып, парламенттер аралык жана региондор аралык байланыштар күч алууда.

Мамлекет башчысы бүгүнкү сүйлөшүүлөр салттуу түрдө достук, жылуу атмосферада, иштиктүү жана конструктивдүү маанайда өткөнүн айтты. Саясий, экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык маселелердин кеңири чөйрөсү жакшылап каралды.

Кызматташтыкты чыңдоого жана андан ары өнүктүрүүгө, эки тараптуу күн тартибиндеги айрым маселелерди чечүүнүн жолдорун издөөгө багытталган конкреттүү макулдашууларга жетишилди.

Садыр Жапаров Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюу - бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыгы болгонун баса белгиледи. Атап айтканда экономика, соода, инвестициялар жана айыл чарба чөйрөлөрүндө кооперацияны тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Соода-экономикалык чөйрөдө оң динамика байкалууда.

Президент өз ара сооданын көлөмү жыл сайын ырааттуу өсүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Эки жак эки тараптуу соода жүгүртүүнү эки миллиард АКШ долларына чейин жеткирүүнү көздөп жатат жана бул үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даяр.

Садыр Жапаров күн мурун вице-премьер-министрлердин төрагалыгы астында, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-өзбек бизнес-форуму ийгиликтүү өткөнүн айта кетти. Бардык кыргыз-өзбек биргелешкен пландары жана инвестициялык долбоорлор ырааттуу ишке ашырылып, бирдиктүү иштин жакшы жылыштары жана натыйжалары азыртадан көрүнүп жатат.

Бүгүнкү күнгө карата пландалып жаткан биргелешкен ишканаларды ишке киргизүү тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров макулдашуулардын практикалык ишке ашырылышына жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык үчүн бардыгын жасоого даяр экендигин баса белгиледи. Эки өлкө өкмөттөрдүн артыкчылыктуу күч-аракеттери ишкердикти колдоого, инфраструктураны жакшыртууга жана соода логистикасын өнүктүрүүгө, ошондой эле биздин мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүнө түрткү бере турган кызматташтыктын жаңы чөйрөлөрүн табууга багытталган.

Бул контекстте тараптар өз ара негизде биздин өлкөлөрдүн борборлору – Бишкекте жана Ташкентте Соода үйлөрүн ачууну макулдашты. Мындан тышкары, эки өлкөнүн региондорунун ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын патронажы астында Чек ара аймактарынын башчыларынын кеңешинин алкагында ишти күчөтүү макулдашылды. Кеңештин кезектеги жыйыны жакын арада Өзбекстанда өтөрү күтүлүүдө.

Президент сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле аймактагы суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип сарамжалдуу пайдалануу маселелери каралгандыгын айтты.

Тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСин, ошондой эле Чаткал дарыясындагы ГЭСти куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда биргелешип иштөөнү макулдашты.

Ошону менен бирге, биздин өлкөлөрдүн транспорттук өз ара байланышын чыңдоо жана бүткүл регионду өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча практикалык иштерди тез арада баштоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Эки өлкөнүн лидерлери “Дароот-Коргон – Үч-Коргон” жана “Талас-Чаткал-Ташкент” багыттары боюнча мамлекеттер аралык транспорттук коридорлорду куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда тыгыз кызматташуу ниетин билдиргенин Президент айтып берди.

Мындан башка Садыр Жапаров Сох районунда жана Фергана облусунун Шахимардан, Чоң-Гара, Таш-Дөбө конуштарында жашаган Өзбекстандын жарандарынын жол жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында өз ара сапарлары боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга зарыл болгон өзгөртүүлөр киргизилгенине токтолду. Эми Өзбекстандын бул категориядагы жарандары Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагы аркылуу транзиттик жол менен алардын ал жактарда болуу мөөнөтүн эсептебестен (визасыз) кирип, чыга алышат.

Ошондой эле мамлекет башчысы тараптар маданият, билим берүү, илим, спорт, туризм сыяктуу тармактарда кызматташууну кеңейтүү боюнча чараларды көрүүнү макулдашканын кошумчалады. Өз ара маданий алмашуу достук мамилелерди чыңдоого жана эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү арттырууга жардам берет. 14-15-июнь күндөрү Ош шаарында эки өлкөнүн аксакалдары, интеллигенция өкүлдөрү жана жаштарынын активдүү катышуусунда Муундар диалогу ийгиликтүү өттү. Бул жумада Өзбекстандын ар кайсы шаарларында Кыргызстандын маданият жана искусство күндөрү өтүп жатат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров кыргыз тарап анын сапарынын алдында өткөн Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун Экинчи Форумунун жыйынтыктарын жогору баалаганын белгиледи.

Ал зор потенциалы бар туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын айта кетти. Биргелешкен туристтик продукцияларды түзүү максатында туристтик маршруттардын долбоорлору, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын көзгө урунарлык жерлери иштелип чыккан.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча терең пикир алмашуу болгонун айтты. Тараптар региондо жана анын чегинен тышкары жерлерде туруктуулукту жана коопсуздукту сактоодо күч-аракеттерди бириктирүү ниетин белгилешти.

Мамлекет башчысы бүгүн жетишилген макулдашуулар биздин өкмөттөр тарабынан конкреттүү жыйынтыктарга айланаарына жана көп кырдуу кыргыз-өзбек кызматташтыгынын жакынкы жана узак мөөнөттүү келечегине белгиленген пландарды практикалык ишке ашыруу үчүн бардык аракеттер жасалаарына ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий