• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары эки тараптуу мамилелерди талкуулады

Саясат 0

Ташкент, 11.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидов күн мурун Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен телефон аркылуу сүйлөштү, деп билдирет "Дунё" маалымат агенттиги.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүү жылуу жана конструктивдүү маанайда өткөн.

"Биз эки боордош мамлекетибиздин ортосунда мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкууладык.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө 2024-жылга карата кызматташуунун жыйынтыктарына жана 2025-жылга карата чоң максаттарды көздөгөн пландарды талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.

Биз бекем достук жана өнөктөштүк байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө даяр экенибизди ырастадык жана негизги максатыбыз элдерибиздин жаркын келечеги үчүн мындан ары да биргелешип иштөө", - деп баса белгиледи Өзбекстандын тышкы иштер министри.

Пикир

Оставить комментарий