• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

Кыргызстан менен Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиктери кызматташтыгын жандандырат

Коом 0

Ташкент, 28.10.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Күн мурун Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттигинин (УзА) директору Абусаид Кучимов менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн алдыңкы маалымат агенттиктеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да жандандыруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөө аракеттери уланып жатканы, эки коӊшу мамлекетте болуп жаткан оң өзгөрүүлөр, коомдук турмуштун бардык багыттарында, ошондой эле медиа мейкиндигинде да иреттүүлүк менен кеӊейип жана өнүгүп бара жаткан кызматташтык тууралуу кенен пикир алмашты.

“Кабар” агенттигинин директору Медербек Шерметалиев Кыргызстанда жана Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу калыс, ишенимдүү маалыматтарды таратуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бул жагынан биз Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги менен кызматташуунун чөйрөсүн мындан ары да кеңейтүү боюнча макулдаштык. Ырас, Өзбекстан жарандары саясий процесстерде абдан активдүү. Учурдан пайдаланып, боордош өзбек элине тынчтык, бакубатчылык жана өлкөңүздөргө гүлдөп өнүгүү каалайм”, - деди ал.

Жолугушуунун соӊунда маалымат алмашуунун көлөмүн кеңейтүү, кызматкерлердин тажрыйбасын жана кесипкөйлүгүн системалуу түрдө жогорулатуу чараларын көрүү максатка ылайыктуу экендиги белгиленип, “Кабар” жана УзА ортосунда жаӊыланган макулдашуу меморандумуна кол коюлду.

Эскерте кетсек, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев Өзбекстан Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына жана жергиликтүү кеңештерге кечээ болуп өткөн шайлоосуна чет өлкөлүк байкоочу катары катышты.

Пикир

Оставить комментарий