Кыргызстан Минскте өткөн айыл чарба көргөзмөсүнүн "Эң мыкты катышуучусу" деп табылды

Коом 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Кыргызстан “Белагро-2024” ири эл аралык айыл чарба көргөзмөсүндө "Эң мыкты катышуучусу" деп табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, көргөзмө 4-9-июнь аралыгында Минск шаарында өттү.

"Иш-чаранын жыйынтыгында көргөзмөнүн негизги уюштуруучусу болуп эсептелген Беларустун Айыл чарба жана тамак-аш министрлиги кыргыз тарапка “Белагро-2024” 34-эл аралык көргөзмөсүнүн мыкты катышуучусу” деген символикалык кубокту, ошондой эле "Беларусь агроөнөр жай жумалыгы – 2024” иш-чараларына жигердүү катышкандыгы үчүн" дипломун тапшырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, Кыргызстан аталган эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнө биринчи жолу катышты.

Өлкөнүн улуттук павильонунда ата мекендик өнүмдөр – эт, сүт, балык жана алкоголдук продукциялар, экологиялык жактан таза жашылча-жемиштер, улуттук суусундуктар, бал жана башкалар коюлган.

Пикир

Оставить комментарий