• 87
  • 90.59
  • 0.87

Кыргызстан Нью-Делидеги Эл аралык соода жарманкесинде ата мекендик продукцияны тартуулоодо

Коом 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Индиядагы элчилиги Нью-Дели шаарында 43-жыл сайын өтүүчү Эл аралык «India International Trade Fair» соода жарманкесине катышууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жарманке 14-ноябрдан 27-ноябрга чейин созулат.

Көргөзмөдө Кыргызстан ак бал жана кургатылган жемиштер түрүндө ата мекендик продукцияларды жана кийизден колго жасалган сувенир-буюмдарды көрсөтүүдө.

Иш-чарада Индиянын штаттары жана компаниялары, Түштүк Корея, Иран, Тайланд, Афганистан, Ливан жана башка чет өлкөлөр да өз продукцияларын жана буюмдарын көргөзүүдө.

«India International Trade Fair» көргөзмөсүнүн быйылкы жылдагы партнёрлору Джаркханд, Бихар жана Уттар-Прадеш штаттары болуп, алар экономиканын ар турдуу секторлорунда, анын ичинде өнөр жай, агроөнөр жай комплекси жана маданият тармактарында жетишкендиктерди көрсөтүп жатат.

Көргөзмө соода өнөктөштүгүн өнүктүрүү, алдыңкы инновацияларды изилдөө жана катышуучу өлкөлөрдүн маданий мурастары менен таанышуу үчүн уникалдуу аянтча катары кызмат кылат.

Пикир

Оставить комментарий