• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан Нарын ГЭСинин чех компаниясы тарабынан курулушунда эч кандай тобокелдиктерге барган жок - Акунов

Экономика 0

Нарын, 18-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан Нарын ГЭСинин чех компаниясы тарабынан курулушунда эч кандай тобокелдиктерге барган жок. Бул тууралуу аталган курулуштун долбоору боюнча брифингде “Жогорку Нарын ГЭС каскады” ЖЧКсынын башкармалыгынын мүчөсү Чоробай Акунов билдирди.

Анын айтымында, өткөн инвесторлор менен тобокелдиктер болгон. “Курулуш толук бойдон инвестордун акчасына жүрөт. Биз чарбалык бөлүгүндө гана жардам беребиз. Мындай шартта инвестор үчүн пайдалуулугу алар 50% акцияны ала турганында болуп саналат”, - деп түшүндүрдү Акунов.

Мындан тышкары, ал чех компаниясынын адистери Кыргызстанга эки ГЭС менен таанышууга келишкенин билдирди.

“Алар мурдагы ТЭНге оңдоолорду киргизишет. Биз алардын вариантын да көрүшүбүз керек. Андан соң экологиялык, экономикалык жана техникалык экспертиза жүргүзөбүз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий