• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстан – Оман беттешин түз алып берүү үчүн "Ынтымак" паркында фанзона уюштурулат

Спорт 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 11-июнда Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамалары кез келет. Оюндун түз эфири “Ак шумкарлардын” күйөрмандарына Бишкектеги "Ынтымак" паркында уюштурулган фанзонада көрсөтүлөт.

Беттеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде саат 22:00 старт алат.

Оюндун түз алып берүүсү Кыргыз Спорт ТВ жана УТРК Спорт каналдарында да жеткиликтүү болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионаты жана 2027-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын экинчи раундунун жыйынтыктоочу туру алкагында Оманга каршы ойнойт.

Аталган квалификациялык оюндар үчүн чүчүкулактын жыйынтыгында 4 командадан турган 9 тайпа түзүлгөн. Кыргызстан, Оман, Малайзия жана кытайлык Тайбэй курамалары «D» тайпасында жайгашкан.

Квалификациянын экинчи раундунун жыйынтыгында ар бир тайпадан эң мыкты эки курама 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алып, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына болгон жолдомого күрөшүн улантат.

5 турдук оюндардын жыйынтыгы боюнча командалардын жайгашуусу төмөндөгүдөй:
1-орун – Оман 12 упай;
2-орун – Кыргызстан 10 упай;
3-орун – Малайзия 7 упай;
4-орун - Тайбэй упай ала элек.

Эскерте кетсек, командалардын упайлары тең чыккан учурда орундар курамалардын мыкты гол айырмачылыгы менен бөлүштүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий