Кыргызстан – Оман футбол беттеши тең чыгуу менен аяктады

Спорт 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 11-июнда Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамалары кез келди.

Беттеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде болуп өттү.

Оюндун 20-мүнөтүндө Кыргызстан улуттук курамасынын мүчөсү Элдияр Зарыпбеков Омандын дарбазасына гол киригизип эсепти ачты. Ал эми оюндун экинчи бөлүгүндө Кыргызстандын дарбазасына автогол кирип, эсеп сандары 1:1 болуп теңелди.

Оюндун жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курамасы 2027 Азия кубогуна жолдомо жана тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундуна чыкты.

Жыйынтыктоочу турнирдик жадыбалда Кыргызстандын курамасы 11 упай менен экинчи орунду ээледи. Оман 13 упай менен биринчи орунда, Малайзия 10 упай менен үчүнчү орунда, Кытайлык Тайбэй 0 упай менен акыркы орунда.

Белгилей кетсек, улуттук курама командалар 2026-жылкы Дүйнө чемпионаты жана 2027-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын экинчи раундунун жыйынтыктоочу турунун алкагында оюн өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий